Загрузка документа…
КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылыштагы кезексиз ХХХI- сессиясы
2019-жылдын 13-ноябры № 31/1
«Көк-Жаңгак шаарынын ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин мыйзамдулук, укук коргоо, этика, мамлекеттик кызмат жана арыз маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 12.11.2019-жылдагы протоколунун негизинде «Көк-Жаңгак шаарынын ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө сунушту угуп талкуулап, Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын (VII-чакырылыштагы) кезексиз ХХХI-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жаңгак шаарынын элинин диний сабаттулугуна кошкон салымын жана 15-жылдай шаарыбызга кылган кызматын баалап Жороев Талантбек ажыга «Көк-Жаңгак шаарынын ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.
2. «Көк-Жаңгак шаарынын ардактуу атуулу» наамын алган инсандарга, күбөлүк жана башка керектүү жасалгаларды даярдап берүү жагы Көк-Жаңгак шаардык кеңешине тапшырылсын.
3. Токтомдун аткаруулусун уюштуруу жана камсыздоо жагын өзүмө калтырам.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Маткаримов Б. |