Загрузка документа…
КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылыштагы кезексиз ХХХI- сессиясы
2019-жылдын 13-ноябры № 31/3
Көк-Жаңгак шаардагы Заводская көчөсүн Чынгыз Айтматовдун атына өзгөртүп берүү жөнүндө
Көк-Жаңгак шаарынын Заводская көчөсүнүн тургундарынын кайрылуу катынын жана кеңештин мыйзамдулук, укук коргоо, этика, мамлекеттик кызмат жана арыз маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 12.11.2019-жылдагы протоколунун негизинде карап талкуулап чыгып Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын (VII-чакырылыштагы) кезексиз ХХХI -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жаңгак шаарынын Заводская көчөсү Чынгыз Айтматовдун атындагы көчө деп өзгөртүлсүн.
2. Тиешелүү корнокторду жана көчөнүн аты жазылган тактайчаларды 2019-жылдын 31 декабрьга чейин алмаштырылсын.
3. Көчөнүн атын алмаштырууга кетүүчү чыгымдарды Заводская көчөсүнүн тургундарына милдеттендирилсин.
4. Көчөнүн оңдоп түздөө, жарыктандыруу жактары жана чыгымдарын Заводская көчөсүнүн тургундарына тапшырылсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардын мэри У.Исмаиловго жана шаардык кеңештин мыйзамдулук, укук коргоо, этика, мамлекеттик кызмат жана арыз маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Маткаримов Б. |