Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 16-сентябры №1
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жайчибековдун сунушун кароо жөнүндө
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Жайчибеков Тайирбек Аскаровичтин сунушун угуп Чоң-Алай айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын депутаттарынын 30-сессиясынын кезексиз отуруму талкуулап.
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чоң-Алай айыл аймагына караштуу Кызыл-Суу дарыясынын алабынан балык чарбасын уюштуруу максатында Шарипов Кутпидинге Мамлекеттик суу фондусундагы 3,0 га, Көк-Суу дарыясынын алабынан Султанов Ырысбекке 0,53 га, Мамажунус уулу Көчкөнбайга 0,53 га, Күйүк-Токой участкасынан Матираимов Гапарга 1,0 га жер аянттарын Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык балык чарбасын уюштурууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиянын курамына тапшырылсын.
Төрага | Н.Маматназаров
|