Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
30-сессиясынын кезексиз отуруму
2019-жылдын 16-сентябры №3
Чоң-Алай райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы Т.Топчубаевдин кайрылуу катын кароо жөнүндө
Чоң-Алай райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы Т.Топчубаевдин сунушун угуп Чоң-Алай айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын депутаттарынын 30-сессиясынын кезексиз отуруму талкуулап.
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Дароот-Коргон айылында жайгашкан Чоң-Алай райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы 1990-жылдан баштап мекеменин имараты катары пайдаланып келе жаткан, юридикалык документтери жок имаратты Чоң-Алай райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгына жер жана каттоо мыйзамдарына ылайык мыйзамдаштырып берүүсүнө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиянын курамына тапшырылсын.
Төрага | Н.Маматназаров
|