Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
30-сессиясынын кезексиз отуруму
2019-жылдын 16-сентябры №4
Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Кулчу айылындагы К.Жапаров атындагы жана Кызыл-Эшме айылындагы Ынакбай уулу Келдибек атындагы орто мектептерин толук эмес комплектиленген мектептердин категориясына киргизүү жөнүндө
Чоң-Алай айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын депутаттарынын 30-сессиясынын кезексиз отуруму талкуулап.
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. 2019-2020-окуу жылында Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Кулчу айылындагы К.Жапаров атындагы жана Кызыл-Эшме айылындагы Ынакбай уулу Келдибек атындагы орто мектептерди баланын саны аз комлектиленген мектептердин категориясына киргизүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык маданий маселелер жана билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык саясат боюнча туруктуу комиссиянын курамына тапшырылсын.
Төрага | Н.Маматназаров
|