Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
30-сессиясынын кезексиз отуруму
2019-жылдын 16-сентябры №6
«Сапатавтотранс» ЖЧКсынын директору М.Жумабаевдин өтүнүч катын кароо жөнүндө
«Сапатавтотранс» ЖЧКсынын директору М.Жумабаевдин өтүнүч катын жана жарандык коомдун сунуштарын талкуулап Чоң-Алай айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын депутаттарынын 30-сессиясынын кезексиз отуруму талкуулап.
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. «Сапатавтотранс» ЖЧКсынын Ош-Дароот-Коргон маршруттук каттамынын 300 сом көлөмүндөгү жол акысы сунуштарга ылайык 250 сомго убактылуу төмөндөтүлсүн.
2. Ош-Дароот-Коргон маршруттук каттамынын жол акысын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги аркылуу бааларды аныктоо «Сапатавтотранс» ЖЧКсынын директору М.Жумабаевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык маданий маселелер жана билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык саясат боюнча туруктуу комиссиянын курамына тапшырылсын.
Төрага | Н.Маматназаров
|