Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
31-сессиясынын кезексиз отуруму
2019-жылдын 16-октябры №1
Чон-Алай айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы бюджетинин 9 ай ичинде аткарылышын кароо жөнүндө
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Жайчибеков Тайирбек Аскаровичтин жана финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Сабыржанов Эркинбек Меражидиновичтин Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы бюджетинин 9 ай ичинде аткарылышы боюнча маалыматын угуп Чоң-Алай айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын депутаттарынын 31-сессиясынын кезектеги отуруму талкуулап.
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы бюджетинин 9 ай ичиндеги киреше бөлүгү 36 863 300 сомго бекитилип ал эми чыгаша бөлүгү 31 285 349 сомду түзүп.
-аппаратка 9 791 996 сом
-аппараттын атайын каражатына 26 795 сом
-мектептерге 2 675 982 сом
-бала бакчаларга 6 519 570 сом
-бала бакчалардын атайын каражатына 1 158 142 сом
-китепканаларга 269 472 сом
-маданий иш чараларга 431 200 сом
-клубтарга 344 082 сом
-өзгөчө кырдаалдарга 169 050 сом
-ЖКХ 7 912 600 сом
-социалдык жардамдарга 222 000 сом
-компенсацияга 1 404 500 сом
-тендер 132 560 сом
-жайытка 227 400 сом жумшалгандыгы канааттандыраалык деп табылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н.Маматназаров |