Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
30-сессиясынын кезексиз отуруму
2019-жылдын 16-октябры №2
Чон-Алай айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы бюджетине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жайчибековдун жана ФЭБ башчысы Э.Сабыржановдун Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын бюджетине толуктоолорду киргизүү жөнүндө долбоору боюнча Чоң-Алай айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын депутаттарынын
31-сессиясынын кезектеги отуруму талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2019-жылга карата бюджетинин киреше бөлүгү лицензияны кармоо үчүн төлөм 750,0 сомго толукталып, турак жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр 3112 беренесинде сарпталбай калган 350,0 миң сом акча каражаты чыгаша бөлүгү төмөнкүдөй болуп бөлүнүп жумшалсын.
-Турак жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр 3111 беренесинде сарпталбай калган 1400,0 миң сом акча каражаты бала бакчалар разделине 2218 беренесине 800,0 миң сом, 3111 беренесине 600,0 миң сом акча каражатынын чыгаша бөлүгү төмөнкүдөй болуп өзгөртүлсүн.
-аппаратка 20,0 миң сом
-мектептерге 340,0 миң сом
-бала бакчаларга 1640,0 миң сом
-маданий иш чараларга 90,0 миң сом
-ЖКХ 300,0 миң сом
-социалдык жардамдарга 110,0 миң сом
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н.Маматназаров |