Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
30-сессиясынын кезексиз отуруму
2019-жылдын 16-октябры №3
Чон-Алай айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2019-жылдагы бюджетине толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жайчибековдун жана жайыт комитетинин төрагасы Таабалды уулу Чолпонбайдын жайыт комитетинин 2019-жылдын бюджетине толуктоолорду киргизүү жөнүндө долбоору боюнча Чоң-Алай айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын депутаттарынын 31-сессиясынын кезектеги отуруму талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2019-жылга карата бюджетинин атайын каражаттар эсебине 68,8 миң сом кошумча түшкөн акча каражаты планга бекитилсин.
2. Бул акча каражаты жайыт комитетинин атайын каражаттар эсебине төмөнкүдөй болуп жумшалсын, 2115 беренесине 10,0 миң сом, 22141100 беренесине 58,8 миң сом акча каражаты жумшалсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н.Маматназаров |