Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
30-сессиясынын кезексиз отуруму
2019-жылдын 16-октябры №5
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө Чоң-Алай айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын депутаттарынын 31-сессиясынын кезектеги отуруму талкуулап.
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүгүү министирлигинин (ЭСӨМ) 2018-жылдын 3-августундагы № 43 буйругу менен бекитилген ЭСӨМдүн аймактык бөлүнүштөрү жөнүндө жобосунун негизинде эки тараптуу келишим түзүлсүн
2. Келишимге өзгөртүүлөр жана толуктоолор тараптардын макулдашуусу менен киргизилсин
3. Чон-Алай айылдык кенештин бекитилген чечимин эске алуу менен келишимге өзгөртүү жана толуктоо киргизилет.
4. Келишим мөөнөтү бүткөндө токтотулат
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык маданий маселелер жана билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык саясат боюнча туруктуу комиссиянын курамына тапшырылсын.
Төрага | Н.Маматназаров |