Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
30-сессиясынын кезексиз отуруму
2019-жылдын 16-октябры №6
Чон-Алай айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде жайыт эсебинде турган 0,15 га жер аянтын «айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан» жайыт түрүнөн, ушул эле категоринын «Курулуш алдындагы» жерлер түрүнө которууга (трансформациялоого) уруксат берүү жөнүндө
Чон-Алай айыл өкмөтүнүн мунисипалдык менчигинде жайыт эсебинде турган 0,15 га жер аянтын «айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан» жайыт түрүнөн,ушул эле категоринын «Курулуш алдындагы» жерлер түрүнө которууга (трансформациялоого) уруксат берүү жөнүндө Чоң-Алай айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын депутаттарынын 31-сессиясынын кезектеги отуруму талкуулап.
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Чапкын-Тийбес участкасынан айыл чарба багытындагы жерлер категориясынын жайыт түрүндөгү 0,15 га жер аянтын Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык ушул эле категориянын курулуш алдындагы жерлер түрүнө которууга макулдук берилсин
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиянын курамына тапшырылсын.
Төрага | Н.Маматназаров |