Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
31-сессиясынын кезексиз отуруму
2019-жылдын 25-октябры №1
Чоң-Алай айыл өкмөтүнө ТИК Кайди ЖЧК комбинаты тарабынан түшкөн социалдык пакетти бөлүштүрүү жөнүндө
Чоң-Алай айыл өкмөтүнө ТИК «Кайди» алтын ылгоочу ЖЧК комбинаты тарабынан 2019-жыл үчүн берилүүчү 10 000 000 (он миллион) сомдук социалдык пакетти бөлүү боюнча Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн атайын эсебине ыктыярдуу төлөм үчүн түшкөн акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө Дароот-Коргон, Жар-Башы, Кызыл-Туу айылдарынын тургундары менен өткөрүлгөн жыйындын 21-октябрь 2019-жылдын № 1протоколун Чоң-Алай айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын депутаттарынын 33-сессиясынын кезектеги отуруму талкуулап.
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн атайын эсебине ыктыярдуу төлөм үчүн түшкөн акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө Дароот-Коргон, Жар-Башы, Кызыл-Туу айылдарынын тургундары менен өткөрүлгөн жыйындын 21-октябрь 2019-жылдын № 1протоколу бекитилсин.
2. Чоң-Алай айыл өкмөтүнө ТИК «Кайди» алтын ылгоочу ЖЧК комбинаты тарабынан 2019-жыл үчүн берилүүчү 10 000 000 (он миллион) сомдук социалдык пакети төмөнкүдөй планга бекитилсин.
-проект, документтер үчүн кызмат көрсөтүү 160 038 сом
-Дароот-Коргон айылындагы сатып алынган бала бакчаны ремонттоо үчүн 400 000 сом
-таза сууларды ремонттоо үчүн 500 000 сом
- Дароот-Коргон айылындагы Дара участкасынан ПМК каналына труба отургузуу үчүн 1000000 сом
- Жар-Башы айылындагы «Тараша» каналын куруу үчүн 3000000 сом
-Дароот-Коргон айылындагы Кыр-Арык участкасындагы бала бакчанын курулушу үчүн 2000000 сом
-Дароот-Коргон айылындагы спорт комплекске инвентар жана буу казан сатып алуу үчүн 1000000 сом
-Кызыл-Эшме айылындагы спорт залдын курулушуна 300000 сом
-Кызыл-Туу айылындагы бала бакчанын курулушу (эски карыз, фонд менен түзгөн келишим) -1252269 сом
-Дароот-Коргон айылындагы Кыр-Арык участкасындагы бала бакчанын курулушу (эски карыз, фонд менен түзгөн келишим) -387693 сом
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н.Маматназаров |