Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын кезексиз төртүнчү сессиясы
2019-жылдын 27-августу № 2
Депутаттын мандатын чакыртып алуу жөнүндө
Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин VI чакырылышынын депутаты Карыбеков Бактияр Имамидинович өз каалоосу менен депутаттык мандаттан баш тарткандыгы жөнүндө арызын карап чыгып Кашка-Суу айыл аймактык кенешинин VI чакырылышынын кезексиз төртүнчү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин депутаты Карыбеков Бактияр Имамидиновичтин депутаттык мандатын мөөнөтүнөн мурда тапшыруу жөнүндө арызы эске алынсын.
2. Б.И. Карыбековдун арызын канааттандыруу боюнча маселе Чоң-Алай райондук Аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө, Кашка-Суу айыл аймактык кенешинин Укук тартиби, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыштар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ы.Ж. Эрмаматов |