Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын кезексиз төртүнчү сессиясы
2019-жылдын 27-августу № 3
Ачык-Суу айылына келген суу түтүктөрүн башка айылдардын муктаждыктарына карап бөлүү жөнүндө
Ачык-Суу айылына таза суу үчүн келген суу түтүктөрү талапка жооп бербегендиги үчүн башка айылдардын муктаждыктарына карап бөлүү жөнүндө Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы С.Ж.Бакировдун билдирүүсүн угуп Кашка-Суу айыл аймактык кенешинин VI чакырылышынын кезсиз төртүнчү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ачык-Суу айылына таза суу үчүн келген суу түтүктөрүн топтоо жана тактоо жагы Кашка-Суу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
2. Беш айылдын (Кашка-Суу, Кара-Кабак, Бурган-Суу, Кабык, Жайылма) муктаждыктарына жараша суу түтүгү ар бир айылга 40 метрден бөлүнүп берилсин.
3. Калган миң метр суу түтүгү Ачык-Суу айылынын муктаждыктарына карап иштетилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө, Кашка-Суу айыл аймактык кенешинин Экономика инвестицияларды тартуу, жер жана агрардык реформа, өнөр жай, курулуш комуникация боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына тапшырылсын
Төрага | Ы.Ж. Эрмаматов |