Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын кезексиз төртүнчү сессиясы
2019-жылдын 27-августу № 4
Кашка-Суу айыл өкмөтүнө ТИК “Кайди” алтын ылгоочу ЖЧК комбинаты тарабынан 2019-жыл үчүн берилүүчү социалдык пакетти бөлүштүрүү жөнүндө
Кашка-Суу айыл өкмөтүнө ТИК “Кайди” алтын ылгоочу ЖЧК комбинаты тарабынан 2019-жыл үчүн берилүүчү 20 000,0 (жыйырма миллион) сомдук социалдык пакети төмөнкүдөй бөлүштүрүлсүн:
Бурган-Суу айылына курулган ФАПтын курулушу үчүн-600,0 сом
Ачык-Суу айылынын спорт залын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн -2 000,0 сом.
Ачык-Суу айылындагы таза суу үчүн- 1 000,0 сом.
Көчөлөрдү жарыктандыруу (Ачык-Суу, Жайылма, Кара-Кабак айылдарыны) үчүн- 2 000,0 сом.
АРИС тарабынан алынган тракторлорго берилүүчү өздүк салым үчүн- 700,0 сом.
Кашка-Суу айылындагы спорт залдын кошумча курулуштары (кийинүүчү жай, душ, тренердик кабинет, айланасын тосуу ж.б.) үчүн - 2 600,0 сом.
Кабык айылындагы Кызыл-Үңкүр каналын куруу үчүн- 10 000,0 сом.
Проектилер үчүн (Ачык-Суунун таза суусу, Кабык айылынын көчөсүн жарыктандыруу, Кабык орто мектебинин тосмолоо, Кашка-Суу айылындагы бала бакчасы, Бурган-Суу айылынын таза суусу) -1 100,0 сом.
Жалпы: 20 000,0 сом.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин Бюджет, салыктар жана финансы боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ы.Ж. Эрмаматов |