Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-августу №6
Кашка-Суу айыл аймагына караштуу “Кабык”, “Кара-Кабак”, Х.Базаров орто мектептерин толук эмес комплектиленген мектептердин категориясына киргизүү жөнүндө
2019-2020-окуу жылында “Кабык” орто мектебинде 163 окуучу, “Кара-Кабак” орто мектебинде 146, Х.Базаров орто мектебинде 128 окуучу бар. Ар бир мектептеги классстарда бирден гана класс комплектиси пландаштырылган. Балдардын орточо саны ар бир класска 11-13 окуучуну түзөт. Айылдарда балдардын саны аз болгондуктан бул мектептердин класс комплектилери толук эмес болуп, жабылып калуу коркунучунда турат. Жергиликтүү шартты, айылдардын арасындагы аралыктын узактыгын эске алуу менен Кашка-Суу айылдык аймактык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. 2019-2020-окуу жылында Кашка-Суу айыл аймагына караштуу “Кабык”, “Кара-Кабак”, Х.Базаров атындагы орто мектептерди баланын саны аз комплектиленген мектептеридин категориясына киргизүүнү камсыз кылуу жагы Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы С.Ж.Бакировдон суралсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Социалдык коргоо, маданият, билим берүү, экология, спорт, туризм, жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ы.Ж. Эрмаматов
|