Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын кезексиз төртүнчү сессиясы
2019-жылдын 27-августу №7
Кашка-Суу айыл аймагына караштуу Ачык-Суу айылында жайгашкан “Жеткинчек Ачык-Суу” МЧББУнун 2019-2020-окуу жылына карата комплектилөөдө кошумча топ ачуу жөнүндө
2019-2020-окуу жылында “Жеткинчек Ачык-Суу” мектепке чейинки билим берүү уюмунда учурда жалпы 2 топ жана 60 тарбиялануучу бар. Бала бакчадагы август айында ата-энелер менен биргеликте өткөн жыйында жылдан-жылга эл өскөндүгүнө байланыштуу кошумча жогорку топ ачуу жөнүндө ата-энелерден сунуш берилген. Жергиликтүү шартты эске алуу менен жогорку топту ачууга шарт бар экендигин талкуулап Кашка-Суу айылдык аймактык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. 2019-2020-окуу жылында Кашка-Суу айыл аймагына караштуу “Жеткинчек Ачык-Суу” мектепке чейинки билим берүү уюмуна жогорку топту ачуусуна көмөктөшүү жагы Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы С.Ж.Бакировдон суралсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Социалдык коргоо, маданият, билим берүү, экология, спорт, туризм, жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ы.Ж. Эрмаматов |