Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын кезексиз төртүнчү сессиясы
2019-жылдын 27-августу №9
Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы бюджетине толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын жергиликтүү бюджетине төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин.
1. Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын жергиликтүү бюджетинин атайын каражатына бекитилген пландан ашыкча түшкөн 101 000 (бир жүз бир миң) сомду Кашка-Суу айыл өкмөтүндөгү аппараттык атайын каражат бөлүмүнүн 22152900 статьясына трактористтин (погрузчиктин айдоочусу) эмгек акысы үчүн 56000 (элүү алты миң) сом, ал эми башка чыгымдар үчүн 22221200 статьясына 45000 (кырк беш миң0 сом бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин Бюджет, салыктар жана финансы боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ы.Ж. Эрмаматов |