Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын кезексиз төртүнчү сессиясы
2019-жылдын 27-августу №12
Кызыл-Үңкүр участогунан Кабык айылына чейин суу түтүгүн тартып келүүдө жер аянтын чектеп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кызыл Үңкүр участогунан Кабык айылына таза суу түтүгүн тартып келүү үчүн узуну 9500 метр , туурасы 4 метр, жалпы 38000м 2 жер аянтын чектеп берүүгө макулдук берүү жөнүндө Кашка-Суу айылдык кеңеши төмөңдөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кызыл Үңкүр участогунан Кабык айылына таза суу түтүгүн тартып келүү үчүн узуну 9500 метр, туурасы 4 метр, жалпы 38000м 2 жер аянтын чектеп берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн жер адиси Ө.Шаншоевке милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Төрага | Ы.Ж. Эрмаматов |