Загрузка документа…
К.БЕЛЕКБАЕВ АТЫНДАГЫ АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын кезексиз XXIV отуруму
2019-жылдын 08-июлу № 24/1
Каада салт, ырым жырымдарды иретке келтирүү ашыкча чыгымдарды кыскартуу жөнүндө
Каада салт, ырым жырымдарды иретке келтирүү ашыкча чыгымдарды кыскартуу максатында,
К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХХIVотуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каада салт, ырым жырымдарды иретке келтирүү ашыкча чыгымдарды кыскартуу менен айыл өкмөтүнүн калкынын жашоо турмушундагы экономикалык пайдубалын бекемдөө жана коомдук тартипти сактоо, бүгүнкү жыйындын негизги максаты болуп эсептелсин.
2. Ашыкча каада салт, ырым жырымдарды, ыксыз чыгымдарды кыскартууну иш жүзүнө ашырууда айыл өкмөттүк деңгээлде жана айылдарда ардагерлер, аялдар, жаштар кеңештеринен айыл аксакалдарынан, айыл имамдарынан кошулуп, атайын комиссиялар түзүлсүн, жамааттарда ашыкча каада тутунууга жол бербөө, ага кетүүчү ыгым-чыгымдарды кыскартуу боюнча тынымсыз түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен натыйжалуу иш алып барылсын.
3. Маркумду акыркы сапарга узатууда жана жылдыгын белгилөөдө:
-Жылкы бодо мал союууга, сый дасторкон салып конок күтүүгө (адияга) тыюу салынсын.
-Маркумду акыркы сапарга узатууга алыстан келгендерге ысык тамак уюштурууга жаштарга 1 баш, карыяларга 2 баш кой гана союлсун.
-Жакындары бул дүйнөдөн өткөндө куран окутууда жылкы бодо мал союп, ашыкча чыгым сарптоого тыюу салынсын,
-Батага келгендерге ысык тамак уюштурууга 1 баш гана кой союлуп, аш менен берилсин.
-Маркумдун үй-бүлө мүчөлөрү тарабынан жыртыш жыртуу, сандык ачуу, челпек бышыруу жана маркумдун жакындарына кийит кийгизүүнү токтотууга өзгөчө көңүл бурулсун.
-Маркумдун мүрзөсүн цементтеп, бышкан кыш менен тосуу мраморго жана башка таштарга сүрөтү чегилген эстеликтерди орнотуу ысырапкерчилик жана жаңылыштык экендигин түшүндүрүү менен колунда бар жарандар маркумга деп арнаган чыгымдарды муктаждарга берүүнү жайылтуу айыл өкмөтүндөгү дин өкүлдөрүнө милдеттендирилсин.
-Маркумдун жылдыгын белгилөөдө 2 баш кой союуга уруксат берилсин.
-Сый дасторкон салып конок күтүүгө (адияга) бөгөт коюлсун.
-Жылдыкта себет алып келүү, союш жетелеп келүү кийит кийгизүү токтотулсун.
4. Тойлорду өткөрүүдө:
-Үйлөнүү тойдо жаштардын ойноп келүүсү (фуршет) атайын кафелерде уюштурулбасын, -Жол коопсуздугун сактоо максатында машиналардын саны 3 төн ашпасын.
-Сүннөт той, тушоо кесүү той, бешик той жана башка ушул сыяктуу тойлор жакын туугандары менен гана үйүндө өткөрүлсүн.
-Жылкы бодо мал союлбасын.
5. Айылдарда түзүлгөн комиссиянын айыл аксакалдарынын кабыл алынган чечимдерин аткарбаган, карама-каршы иштерди жүргүзгөн текеберликке жол берген айылдын тургундарын, эл алдында уяткаруу менен катуу чара көрүлсүн.
6. Эл арасында каада-салт, үрп адаттарды, ырым-жырымдарды ирээтке келтирүү, ашыкча чыгымдарды кыскартуу боюнча аткарылып жаткан жакшы саамалыктар массалык-маалымат каражаттары аркылуу коомчулукка жайылтылсын.
8. Айыл өкмөтүндөгү айылдардын башчыларына жана аппарат кызматкерлерине, мекеме- ишканалардын жетекчилерине жана кызматкерлерине, ички иштер органдарына, айыл өкмөтүнүн аймагындагы дин өкүлдөрүнө, айылдык кеңештин депутаттарына комиссиянын курамы менен биргеликте эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана активдүү катышуу жоопкерчилиги жүктөлсүн.
Төрага | Н.Маташов |