Загрузка документа…
К.БЕЛЕКБАЕВ АТЫНДАГЫ АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын кезексиз XXIV отуруму
2019-жылдын 08-июлу № 24/2
К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн Аскалы айылындагы 15.07.2019-жыл сатуу сатып алуу келишими № 2019-3110 муниципалдык менчикте турган жер аянтына мечит куруу үчүн жер тилкесинин максаттуу багытын өзгөртүп берүү жөнүндө
К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн Аскалы айылындагы муниципалдык менчикте турган жер аянтына мечит куруу үчүн Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 49-беренесинин 1-6-бөлүмчөсү,12-беренесинин 1-2-бөлүмчөлөрүнө ылайык,
К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1 . К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнө караштуу Аскалы айылында жайгашкан 5-01-01-1001-0322 идентификациялык сыр белгидеги №7а муниципалдык менчикте турган жер тилкесине мечит курууга 593,00 м кв жер тилкеси бекитилип берилсин.
2. Юридикалык тиешелүү документтерин даярдап берүү жагы Алай райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгына жана Алай райондук мамлекеттик жер кадастры жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасына сунуш кылынсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу туруктуу комиссияга жана айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Тажибаевге жүктөлсүн.
Төрага | Н.Маташов |