Загрузка документа…
К.БЕЛЕКБАЕВ АТЫНДАГЫ АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын кезексиз XXIV отуруму
2019-жылдын 08-июлу № 24/4
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө
К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы №715 токтомуна К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнө Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө типтүү келишимге ылайык 2 штаттык бирдик ачуу максатында,
К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Алай райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы менен К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө типтүү келишими бекитилсин жана нормативдик негизде зарылчылдыкка жараша 2 штат ачылсын .
2. Тараптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы №715 «Берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү трансферттердин көлөмүн эсептөөнүн убактылуу методикасын бекитүү жөнундө» токтомуна ылайык иш алып барышсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү комиссиянын курамына жүктөлсүн.
Төрага | Н.Маташов |