Загрузка документа…
К.БЕЛЕКБАЕВ АТЫНДАГЫ АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын кезексиз XXIV отуруму
2019-жылдын 08-июлу № 24/5
К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнө караштуу Чий-Талаа жана Көлдүк айылдарынын таза-суу пайдалануучулардан суу төлөмдөрүнүн акысы жөнүндө
К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнө караштуу Чий-Талаа жана Көлдүк айылдарынын таза-суу пайдалануучулардан суу төлөмдөрүнө акы алуу максатында,
К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Таза-суу пайдаланып мончо жагуучулар (ай сайын) 300( үч жүз) сом төлөсүн.
2. Үйүнө киргизгендер үчүн (ай сайын) 10(жүз) сом көчөдөн ичкендер 30(отуз) сом.
3. Үйгө суу түтүгүн киргизүү үчүн айыл өкмөттөн жана айыл өкмөтүнө караштуу Секи-Булак суу пайдалануучулар бирикмесинен уруксат алуу үчүн 3000(үч миң) сом төлөсүн жана уруксат албай киргизгендерге Бузуулар Кодексине ылайык чара көрүлсүн.
4. Элдерден акча чогултуу үчүн квитанция берилсин жана чогултулган акча боюнча 6 (алты) айда бир отчёт берилсин.
5. Таза-сууга пайдаланууга колдонула турган трубанын диаметри 0,15 см ден өтбөсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышы Секи-Булак СПА жетекчиси Кадыровго жүктөлсүн.
Төрага | Н.Маташов |