К.БЕЛЕКБАЕВ АТЫНДАГЫ АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын кезексиз XXVI отуруму
2019-жылдын 31-декабры № 26/4
К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнө караштуу Көлдүк айылынын тургуну Сартов Ысамаматтын арызын кароо жөнүндө
К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, жер кодексинин 32-беренесинин 1-2-бөлүмчөсүн негизинде Алай айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнө караштуу Көлдүк айылынын тургуну Сартов Ысамаматка Көлдүк айылынын Ош-Сары-Таш жолунун боюнан Көк-Ангел участкасынан айыл чарбасына жараксыз бош жаткан жерден 1500,00м кв жер аянты көрктөндүрүп, өздөштүрүү үчүн 3 (үч) жылдык мөөнөт менен ижарага бөлүнүп берилсин.
2. Тиешелүү документтерин даярдоо жана Алай райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгына, Алай райондук жер кадастры кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына билдирүү берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү комиссиянын курамына жүктөлсүн.
Төрага | Н.Маташов |