Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 11-мартты №1
Жаны-Ноокат айылдык кеңешинин 2019-жылдын 8- августундагы № 3 Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтүнүн Жандама айылынын Сурпа–Таш бѳлүмүнѳн “ИнтергельПо” жоопкерчилиги чектелген коомуна 1.90 га жер аянтын ижарага берүү жана ижара суммасын бекитүү жѳнүндѳгү токтомуна кошумча жана ѳзгѳртүүлѳр киргизүү тууралуу
Жаңы-Ноокат айыл айыл ѳкмѳтүнүн 2019-жылдын 4- мартындагы Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтүнүн Жандама айылынын Сурпа–Таш бѳлүмүнѳн “ИнтергельПо” жоопкерчилиги чектелген коомуна 1.90 га жер аянтын ижарага берүү жана ижара суммасын бекитүү жѳнүндѳгү токтомуна кошумча жана ѳзгѳртүүлѳр киргизүү тууралуу катын карап чыгып, “ИнтергельПО” жоопкечилиги чектелген коомуна Кыргыз Республикасынын Геология жана минералдык жер ресурстары боюнча мамлекеттик агентиги тарабынан серия ТЭ № 3601 санду 2014-жылдын 6- майында берилген лицензиясынын,Ош областтык жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасы тарабынан берилген 2015-жылдын 6- июнундагы №603 катын жана түштүк аймактык агрохимиялык станциясынын 2015-жылдын 4- июнундагы № 304 колдонулары туралуу катынын негизинде “ИнтергельПО” ишкансына 3.60 га жер аянтын ижарага берүү жана ижара суммасын бекитип берүү тууралуу катын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жана жергиликтүү администрациясы жѳнүндѳгү мыйзамына таянып Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин сессиясынын отуруму
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1. Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 2019-жылдын 8- августундагы № 3 токтомуна тѳмѳнкүдѳй кошумча жана ѳзгѳртүүлөр киргизилсин.
2. Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 2019-жылдын 8- августундагы № 3 Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтүнүн Жандама айылынын Сурпа–Таш бѳлүмүнѳн “ИнтергельПо” жоопкерчилиги чектелген коомуна 3.60 га жер аянты 5-жылдык мѳѳнѳт менен ижарага берүүгѳ макулдук берилсин.
3. Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтүнүн Жандама айылынын Сурпа –Таш бѳлүмүнѳн “ИнтергельПО” жоопкерчилиги чектелген коомуна ижарага берилген жер аянтын суммасы 150000 (бир жүз элүү миң) сом кылып белгиленсин.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтүнѳ тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айылдык кенештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Имамов
|