Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(алтынчы чакырылышы) 25- кезектеги сессиясы
2019-жылдын 11-марты №3
Жаңы-Ноокат борбордук жамий мечитин кайра курууга макулдук берγγ жѳнγндѳ
Жаңы-Ноокат айылындагы борбордук жамий мечит, мурдагы союз мезгилинде курулгандыгы, учурда бул мечиттин имараты заманбап архитектуралык талаптарга жооп бербей калгандыгына байланыштуу мечит имаратын кайра куруу зарылдыгын карап чыгып жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу жана жергиликтγγ мамлекеттик администрациясы жѳнγндѳгγ” мыйзамына таянып Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин сессиясынын отуруму
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1. Жаңы-Ноокат айылындагы борбордук жамий мечити мурдагы союз мезгилинде курулгандыгы, учурда бул мечиттин имараты заманбап архитектуралык талаптарга жооп бербей калгандыгына байланыштуу, мечит имараты бузулуп кайра курууга макулдук берилсин.
2 Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын кароо, архитектура,курулуш, транспорт, саламаттыкты сактоо жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Имамов |