Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(алтынчы чакырылышы) 25- кезектеги сессиясы
2019-жылдын 11-марты №4
“Сахаба” макбарасын реконструкциялоого макулдук берγγ жѳнγндѳ
Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Жандама айылындагы VIII - кылымда уюшулган “Сахаба” гѳрγстѳнγндѳгγ тарыхый макбараны эл аралык долбоорлордун каржылоосу менен учурдун талабына жооп бере турган абалда реконструкциялоо боюнча даярдалган бизнес долбоорду карап чыгып, “Сахаба” эс алуу багына келγγчγ туристердин санын кѳбѳйтγрγп, жергиликтγγ бюджетке пайда алып келγγ иштерин иш жγзγнѳ ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу жана жергиликтγγ мамлекеттик администрациясы жѳнγндѳгγ мыйзамына таянып Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин сессиясынын отуруму
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1. Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Жандама айылындагы VIII- кылымда уюшулган “Сахаба” гѳрγстѳнγндѳгγ тарыхый макбараны эл аралык долбоорлордун каржылоосу менен учурдун талабына жооп бере турган абалда реконструкциялоого макулдук берилсин.
2. “Сахаба” гѳрγстѳнγндѳгу тарыхый макбараны реконструкциялоо γчγн керектелγγчγ ѳздγк салым γчγн жергиликтγγ бюджеттен бѳлγнгѳн 800000 (сегизжγз миң) сом каражаттын иштетилиши боюнча тѳмѳнкγ курамда жумушчу комиссия тγзγлсγн.
Комиссиянын тѳрагасы
Н.Рузалиев айыл ѳкмѳтγнγн адиси
Комиссиянын мγчѳлѳрγ
М Муталов айылдык кеңештиндепутаты
А Яйлапов Жандама айылынын башчысы
Х Мирзаякубов айыл аксакалы
И Холбоев айыл аксакалы
2. Эл аралык долбоорлордун каржылоосу менен “Сахаба” гѳрγстѳнγндѳгγ макбараны реконструкциялоо боюнча даярдалган бизнес долбордо кѳрсѳтγлгѳн ѳздγк салым γчγн керектелγγчγ акча каражатын ѳз багыты боюнча пайдаланууну кѳзѳмѳлдѳѳ жагы тγзγлгѳн комиссиянын курамына тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айылдык кеңештин бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Имамов |