Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(алтынчы чакырылышы) 25- кезектеги сессиясы
2019-жылдын 11-марты №
Жаңы-Ноокат Жайыт комитетине мал жандыктарын жуундуруучу жай куруу γчγн жер аянтын ажыратуу жана Кыргыз-Ата, Найман каналдарына кѳпγрѳ курууга уруксат берγγ жѳнγндѳ
Жаңы-Ноокат Жайыт комиттетинин 2019-жылдын 4- мартындагы №5 сандуу мал-жандыктарды жуундуруучу жай куруу жана Кыргыз-Ата жана Найман каналына кѳпγрѳ курууга уруксат берγγ тууралуу катын карап чыгып, айыл аймагында эпизотикалык абалды жакшыртуу жана мал жандыктарын жайытка чыгаруу γчγн кѳпγрѳ зарылдыгы боюнча айыл тургундарына шарт тγзγп берγγ максатында АРИС прграммасынын долбоору менен каржылануучу бизнес долбоорду н башталышын карап чыгып Кыргыз Республикасынын “Жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу жана жергиликтγγ мамлекеттик администрациясы жѳнγндѳгγ” мыйзамына таянып Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектеги сессиясынын отуруму
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1. Жаңы-Ноокат Жайыт комитетине мал жандыктарын жуундуруучу жана койлордун жγнγн кыркуучу навес куруу γчγн Мечит- Миян тоосунун кγн чыгыш тарабындагы таштандылар ташталган жерден 500 чарчы метр жер аянтын ажыратууга макулдук берилсин.
3. Кыргыз-Ата жана Найман каналына мал жандыктарын жайлоого чыгаруу γчγн кѳпγрѳ курууга уруксат берилсин.
3. АРИС программасынын долбоорунун негизинде мал жандыктарын жуундуруучу жай куруу γчγн жер аянтын ажыратуу жана Кыргыз-Ата, Найман каналына кѳпγрѳ куруу γчγн керектелγγчγ иш- кагаздарын жана бизнес долбоорун даярдоо жагы Жаңы-Ноокат жайыт комитетине тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айылдык кеңештинбюджет жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Имамов |