Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 11-марты №10
“Сахаба” лицей мектебине М.Имамовдун атын ыйгаруу
Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы “Сахаба” лицей мектебинин педагогикалык жамаатынын 2019-жылдын “17 ” январындагы № 7 “Сахаба” лицей мектебине М Имамовдун атын ыйгаруу боюнча жалпы чогулушунун токтомун карап чыгып, айыл тургуну М.Имамовдун мурдагы “Маданият” колхозунун жетекчиси катарында Жаңы –Ноокат айыл аймагынын социалдык-экономикалык ѳнγгγсγнѳ кошкон салымын, эл арасында тапкан кадыр- баркын, ал тарыбынан жасалган иштер, учурда элдин турмушуна кѳмѳк кѳрсѳтγп жаткандыгын карап чыгып жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу жана жергиликтγγ мамлекеттик администрациясы Жөнүндөгү” мыйзамына таянып Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин заседаниясынын отуруму
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1. Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы “Сахаба” лицей мектебинин педагогикалык жамаатынын 2019-жылдын “17” январындагы № 7 жалпы чогулушунун токтомунун негизинде “Сахаба” лицей мектебинин аталышы Имамов Мамасалы наамы берилсин
2. Ушул токтомдун негизинде керектелγγчγ иш- кагаздарын даярдоо жагы лицей мектебинин директору М. Мамарежаповго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А Имамов |