Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(алтынчы чакырылышы) 27- кезектеги сессиясы
2019-жылдын 15-июну №2
2019-жылдын 5-6 июнь кγндѳрγ нѳѳшѳрлѳп жааган жамгырдын натыйжасында чыккан селден зыян тарткан айыл- чарба жерлери жана турак жайлар боюнча тγзγлгѳн актыларды бекитγγ жѳнγндѳ
2019-жылдын 5-6 июнуна чейин айыл аймагында мѳндγр аралаш жааган жамгырдын таасиринен каттуу сел чыгып, кээ бир дыйкан чарбалардын γлγш жерлерин, айыл ѳкмѳтγнγн эсебиндеги кайра бѳлγштγрγγ фонд жерлерин, айыл тургундарынын тамарка жерлерин сел басып кеткендигинин натыйжасында тѳмѳнкγдѳй зыян келтирилген.
100 % зыян тарткан жалпы жер 35.20 га. Анын ичинен кайра бѳлγштγрγγ фонд жерлери 9.50 га, суммасы 50068 сом, дыйкандардын γлγш жерлери 25.70 га,суммасы 14860 сом. Жогруда аталган 100% зыян тарткан жерлер боюнча 2019-жылдын 07- июунундагы тγзγлгѳн актты бекитγγ маселесин крап чыгып Кыргыз Республикасынын “ Жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу жана жергиликтγγ мамлекеттик администрациясы жѳнγндѳ” мыйзамын таянып Жаңы-Ноокат айылдык кеншинин сессиясынын отуруму
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1. 2019-жылдын 5-6 июнуна чейин айыл аймагында мѳндγр аралаш жааган жамгырдын таасиринен каттуу сел чыгып, кээ бир дыйкан чарбалардын γлγш жерлерин, айыл ѳкмѳтγнγн эсебиндеги кайра бѳлγштγрγγ фонд жерлерин, айыл тургундарынын тамарка жерлерин сел басып кеткендигинин натыйжасында тѳмѳнкγдѳй зыян келтирилген.
100 % зыян тарткан жалпы жер 35.20 га. Анын ичинен кайра бѳлγштγрγγ фонд жерлери 9.50 га, суммасы 50068 сом, дыйкандардын γлγш жерлери 25.70 га,суммасы 14860 сом. Жогруда аталган 100% зыян тарткан жерлер боюнча 2019-жылдын 07- июунундагы тγзγлгѳн акты бекитилсин.
2. Табыгый кырсык селдин натыйжасында 100 % зыян таркан айыл- чарба жерлеринен алынуучу жер салыгынан бошотуу жана дыйкандарга колдоо кѳрсѳтγγ жагы Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтγнѳ тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Имамов |