Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(алтынчы чакырылышы) 27- кезектеги сессиясы
2019-жылдын 15-июну №3
Жаңы-Ноокат айылынын борборунда жайгашкан бош жаткан жер аянтын эсебин чыгаруу, чек араларын аныктоо жана айыл ѳкмѳтγнγн муниципиалдык менчигине алуу боюнча комиссия курамын тγзγγ жѳнγндѳ
Жаңы-Ноокат айылынын борборунда жайгашкан айыл ѳкмѳтγнγн эсебиндеги бош жаткан жер аянтын эсебин чыгаруу, чек- араларын аныктоо жана айыл ѳкмѳтγнγн муниципиалдык менчигине алуу иштерин уюштуруу максатында Кыргыз Республикасынын “Жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу жана жергиликтγγ мамлекеттик администрациясы жѳнγндѳгγ” мыйзамына таянып Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин сессиясынын отуруму
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1. Жаңы-Ноокат айылынын бѳрбѳрγнда жайгашкан айыл ѳкмѳтγнγн эсебиндеги бош жаткан жер аянтын эсебин чыгаруу ,чек- араларын аныктоо жана Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтγнγн муниципиалдык менчигине алуу боюнча комиссия тѳмѳнкγ курамда тγзγлсγн.
Комиссиянын тѳрагасы
Н.Рузалиев Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтγнγн башчысы
Комиссиянын мγчѳлѳрγ
А. Имамов Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин тѳрагасы
Э.Эргашов Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтγнγн жер адиси
Х.Юлдашов айылдык кенештин депутаты
А. Мамажанов Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин депутаты
2. Тузγлгѳн комиссиянын курамына жогоруда аталган жер аянтын кѳѳлѳмγн,чек араларын толугу менен аныктоо жана тиешелγγ иш кагаздарын даярдоо жагы тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Төрага | А. Имамов |