Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(алтынчы чакырылышы) 27- кезектеги сессиясы
2019-жылдын 15-июну №4
Жаңы-Ноокат айылдык байланыш бѳлγмγнγн имаратынын курулушу γчγн жер аянтты ажыратып берγγ жѳнγндѳ
“Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасынын Ноокат райондук филиалынын 2019-жылдын 10- июнундагы № 01-102 Жаңы-Ноокат айыл аймагында почта байланыш кызматтынын жакшыртуу γчγн туруктуу иштѳѳчγ имарат куруу γчγн жер ажыратып берγγ тууралуу катын карап чыгып Кыргыз Республикасынын “Жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу жана жергиликтγγ мамлекеттик администрациясы жѳнγндѳ” мыйзамынын 31- беренесинин 1- пункутуна, Кыргыз Республикасынын “Мγлккѳ муниципиалдык менчик жѳнγндѳ мыйзамынын 19- беренесине ылайык Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин сессиясынын отуруму
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1. Жаңы-Ноокат айылдык байланыш бѳлγмγнγн имаратын курулушу γчγн Жаңы-Ноокат айылынын борборунан айыл ѳкмѳтγнγн конторасынын жаңындагы айыл ѳкмотγнγн муниципиалдык менчигиндеги бош турган жерден 100 чарчы метр жер аянтын ажыратып берγγгѳ макулдук берилсин.
2. Ноокат райондук архитектура жана шаар курулушу башкармалыгынан почта имараты курулушу γчγн керектелγγчγ архитектуралык долбоор иш кагаздарын даярдап берγγ жагы суралсын.
3. Ноокат райондук кадастр жана кыймылсыз мγлккѳ укуктарды катоо башкармалыгынан ушул токтомдун негизинде жерге байланышкан тиешелγγ иш кагаздарын даярдап берγγ жагы суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтγнѳ тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин жер макселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Имамов |