Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(алтынчы чакырылышы) 27- кезектеги сессиясы
2019-жылдын 15-июну №5
Жаңы-Ноокат айыл айыл аймагынын Жандама айылы Сурпа Таш бѳлγмγнѳ мрамор ташын кайра иштетγγ цехин куруу γчγн жер ажыратылган 3,5 га жер аянтына ижара акы тѳлѳмγн белгилѳѳ
Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн 2019-жылдын 7-майдагы “Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Жандама айылында жайгашкан жерлерди “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Ѳнѳр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу жѳнγндѳгγ № 216 токтомуна негиз, “Алдаяр-Уголь Лимитед” жоопкерчилиги чектелген коомуна мрамор ташын кайра иштетγγ цехин куруу γчγн Жаңы-Ноокат айылдык аймагынын Сурпа-Таш бѳлγмγндѳгγ №866, №872 контурларда жайгашкан 3,5 жер аянтына ижара акы тѳлѳмγн Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 8-беренесин эске алып
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1. “Алдаяр-Уголь Лимитед” жоопкерчилиги чектелген коомуна мрамор ташын кайра иштетγγ цехин куруу γчγн Жаңы-Ноокат айылдык аймагынын Жандама айылынын Сурпа-Таш бѳлγмγнѳн №866, №872 контурларда жайгашкан 3,50 га жер аянтын лицензияда кѳрсѳтγлгѳн мѳѳнѳттѳ ажыратып берγγгѳ макулдук берилсин.
2. “Алдаяр-Уголь Лимитед” жоопкерчилиги чектелген коомунун мрамор ташын кайра иштетγγ цехин куруу γчγн Жаңы-Ноокат айылдык аймагынын Жандама айылынын Сурпа-Таш бѳлγмγнѳн №866, №872 контурларда жайгашкан 3,50 га жер аянтына ижара акы тѳлѳмγ беш жылдык мѳѳнѳт менен жылына 63000 сом (алтымыш γч мин) сом ѳлчѳмγндѳгγ ижара акы белгиленсин.
3. “Алдаяр-Уголь Лимитед” жоопкерчилиги чектелген коому менен келишим тγзγγ жагы Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтγнѳ тапшырылсын.
4. Ижара келишиминин убактысы бγткѳндѳ, жаңы ижара келишиминдеги ижара акы тѳлѳмγн белгилѳѳ жагы Жаңы-Ноокат айылдык кенешинен суралсын.
5. Ушул токтомду аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айылдык кенештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Имамов |