Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(алтынчы чакырылышы) 27- кезектеги сессиясы
2019-жылдын 15-июну №9
Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтγнγн 2018-жылдагы финансалык-чарбалык ишмердγлγгγ боюнча отчетγ жѳнγндѳ
2018-жылда сом салык жана салык эмес жыйымдарга жеткирилген жалпы тапшырма 30142.9 млн сом болсо, иш жγзγндѳ 34245.9 млн- сомду тγзγп тапшырма 113.6 % га аткарылып, жеткирилген тапшырмадан 4 млн 142 мин сом га кѳп жыйналды. Бул кѳрсѳткγч 2017-жылга салыштырганда мин сомго кѳп жыйналып, ѳсγγ ыргагы 17 % ды тγздγ.
Анын ичинен жергиликтγγ бюджетке чегирγγ 13498.0 мин сомго план жекирилген болсо, иш жγзγндѳ 13738.9 мин сомду тγзγп план тапшырма 240.8 мин сомго ашыкча аткарылган. Бул кѳрсѳткγч 2017-жылга салыштырганда 375.4 мин сомго кѳп жыналып ѳсγγ ыргагы 19 % ды тγздγ.
2018-жылда айыл аймагына бардыгы бѳлγп 25172.2 миң сомдук инвестиция тартылган. Анын ичинен тышкы инвестиция 20496.2 мин, ички инвестия 4676.0 мин сом.
Айыл ѳкмѳтγндѳ республикалык бюджеттин эсебинентүрткү берүүчү грант үчүн даярдалган долбоорлор жактырылып, республикалык бюджеттен 2151.1 мин сом, жергиликтүү бюджеттен 500.0 мин сом бардыгы болуп 2651.0 сом болунуп Н.Найманбаев атындагы мектепке кошумча имарат курулду. .
Социалдык камсыздандыруу төлөмдөрүнөн болгон карыз 2018-жылга карата 280.4 миң сомду түзгѳн бѳлсѳ, 2018-жылдын 31- декабрына карата 203.4 сомду түзүп, 77.0 миң сомго азайган.
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу жана жергиликтγγ мамлекеттик администрациясы жѳнγндѳ” мыйзамына таянып Жаңы-Ноокат айылдык Кеңешинин сессиясынын отуруму
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1. Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтγнγн 2018-жылдагы финансалык-чарбалык ишмердγлγгγ боюнча отчоту канаатандырарлык деп табылсын.
2. Айыл ѳкмѳтγнγн финансалык-чарбалык ишмердγγлγгγн жγргγзγγдѳ айыл аймагынын инфраструктурасын жакшыртуу, социалдык чѳйрѳдѳгγ билим берγγ жана саламаттыкты сактоо мекемелерин курулушу жана алардын материалдык-техникалык базаларын чыңдоо, айыл аймагын санарептештирγγгѳ жана негизги багыттарга ѳзгѳчѳ кѳңγл буруу менен аткаруучулук иштерин жγргγзγγ жагы Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтγнѳ тапшырылсын.
3. Айыл ѳкмѳтγнγн финансалык- чарбалык ишмердγγлγгγн ачык-айкын болушу жана жергиликтγγ бюджеттин кабыл алуу алдынан коомдук угууларды ѳз убагында ѳткѳрγп туруу жагы Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтγнѳ тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Жаңы-Ноокат айылдык Кеңешинин бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Имамов |