Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(алтынчы чакырылышы) 27- кезектеги сессиясы
2019-жылдын 15-июну №10
“Сахаба” эс алуу багындагы коммерциялык багыт боюнча берилген жерлерге ижара суммалары жѳнγндѳ
Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Жандама айылындагы “Сахаба” эс алуу багындагы айыл ѳкмѳтγнγн кайра бѳлγштγрγγ фонд жеринин эсебиндеги жерлерди коммерциялык багыт боюнча пайдаланылган жерлер γчγн ижара акылары жана кошумча 20% айыл чарба-соода чыгымдарынын ордун бастыруу γчγн ѳз баасына жγктѳлгѳн кошумчаны карап чыгып жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу жана жергиликтγγ мамлекеттик администрациясы жѳнγндѳ” мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын “Жер кодекси” жѳнγндѳ мыйзамына таянып Жаңы-Ноокат айылдык Кеңешинин сессиясынын отуруму
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1. “Сахаба” эс алуу багындагы айыл ѳкмѳтγнγн кайра бѳлγштγрγγ фонд жеринин эсебиндеги жерлерди коммерциялык багыт боюнча пайдалануу γчγн Кыргыз Республикасынын “Салык жѳнγндѳ” кодексинде белгиленген мѳѳнѳтγ γстγбγздѳгγ жылдын 1- сентябрына чейин белгиленип, айыл- чарба багытынде эмес жер салыгынан чыккан суммасына кошумча 20% айыл -чарба чыгымдарынын ордун бастыруу γчγн келишим тγзγп, ижара суммалары алынсын.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтγнѳ тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Жаңы-Ноокат айылдык Кеңешинин бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Имамов |