Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(алтынчы чакырылышы) 27- кезектеги сессиясы
2019-жылдын 15-июну №12
Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтγнγн кайра бѳлγштγрγγ фонд жери эсебиндеги 1011 контурунда жайгашкан “Сахаба” эс алуу багынын аймагына мектепке чейинки балдар мекемесин куруу γчγн 0.20 га жер аянтын трансформациялоого макулдук берγγ жѳнγндѳ
Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Жандама айылынын тургундары тарабынан “Сахаба” эс алуу багынын аймагына мектепке чейинки балдар мекемесин куруу γчγн 0.20 га жер аянтын ажыратып берγγ тууралуу кайрылууларын карап чыгып жана талкуулап мектепке чейинки жаштагы балдарды балдар бакчасына тартууну уюштуруу максатында Кыргыз Республикасынын “Жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу жана жергиликтγγ мамлекеттик администрациясы жѳнγндѳгγ” мыйзамына таянып Жаңы-Ноокат айылдык Кеңешинин сессиясынын отуруму
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1. Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтγнγн кайра бѳлγштγрγγ фонд жери эсебиндеги 1011 контурунда жайгашкан “Сахаба” эс алуу багынын аймагына мектепке чейин балдар мекемеси куруу γчγн 0.20 га жер аянтын ажыратуу γчγн жерди трансформациялоого макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун негизинде Жаңы-Ноокат айыл ѳкмотγнγн кайра бѳлγштγрγγ фонд жер эсебиндеги 1011 контурунда жайгашкан “Сахаба” эс алуу багынын аймагына мектепке чейин балдар мекемеси куруу γчγн 0.20 га жер аянтын ажыратуу γчγн жерди трансформациялоо жагы Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын
3. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Жаңы-Ноокат айылдык Кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Имамов |