Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(алтынчы чакырылышы) 27- кезектеги сессиясы
2019-жылдын 15-июну №13
Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтγнγн тургундарына турак жай менен камсыз кылуу γчγн жер участогун ажыратып берγγгѳ макулдук берүү жѳнүндѳ
(Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 2 токтомунун редакциясына ылайык)
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (алтынчы чакырылышы) 21- кезектен тышкаркы сессиясынын 2019-жылдын 15- июнундагы № 13 токтомунун негизинде Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтγнγн тургундарына айыл ѳкмѳтγнγн Катта-Тал айылынан айыл ѳкмѳтүнүн жер картасынын 638, 658, 645, 651, 663, 655, 656, 657, 662, 653 -контурларындагы 31.68 га кайра бѳлγштγрγγ фондунун кайрак айдоо,кѳп жылдык бак , таштак жайит жеринен, Кызыл-Тейит айылындагы айыл ѳкмѳтүнүн жер картасынын 502 контурундагы 6.12 га кѳп жылдык бак, Жандама айылындагы айыл ѳкмѳтүнүн жер картасынын 2243, 2449, 2447, 2469, 2471, 2480, 866 – 872 - контурундагы 31.46 га таштак жайыт,таштак айдоо жеринен, Дѳн-Кыштак айылындагы айыл ѳкмѳтүнүн жер картасындагы № 64, 68, 139, 138, 129, 48-49, 20.50 га кѳп жылдык бак жеринен айдоо жерден 41.58 га, кѳпжылдык бак жерден 28.81 га, таштак жайыт жерден 19.38 га бардыгы болуп 89.76га жер аянты элди турак - жай менен камсыздоо максатында айыл- чарба жерлер категориясынан калктуу конуш категориясына трансформацияга которуу максатында Кыргыз Республикасынын жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу жана жергилктγγ мамлекеттик администрациясы жѳнγндѳгγ мыйзамынын 43-статьясынын жана Кыргыз Республикасынын Жер кодекси13-статьясы, жѳнγндѳгγ мыйзамынын негизинде Жаңы Ноокат айылдык кеңешинин сессиясынын отуруму
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1. Жаӊы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Аулгазы участкасында жайгашкан жер картасынын № 228, № 849 контурларындагы 30.66 га кайра бөлүштүрүү фондунун ичинен: 30.0 га жер аянты кайрак айдоо жана 0.66 га жер аянты таштуу жайыт жеринен, Дөң-Кыштак жана Тескей айылдарындагы айыл өкмөтүнүн жер тилкесинин № 17, № 18, № 20, № 21, № 27, № 30, № 31, № 32, № 33, № 35, № 36, № 38, № 40, № 42, № 48, № 49, № 64, № 68, № 70, № 81 жана № 811 контурларындагы 25.22 га кайра бөлүштүрүү фондунун ичинен: 1.19 га жер аянты кысыр ансыз, 1.0 га жайыт жер, 1.78 га жер аянты мелиоративдүү даярдоо жана калган 21.25 га жер аянты көп жылдык бак жерлеринен, Темир-Корук айылындагы айыл өкмөтүнүн жер тилкесинин № 93, № 106, № 107, № 108, № 109, № 111, № 135, № 138, № 139, № 129, № 144 жана № 145 контурларындагы 19.75 га жер аянты, бардыгы болуп көп жылдык бак жеринен, Кызыл-Тейит айылындагы жер тилкесинин № 4311 контурундагы 3.45 га жер аянты бардыгы кайра бөлүштүрүү фондунун көп жылдык бак жеринен, Мончок-Дөбө айылындагы айыл өкмөтүнүн жер тилкесинин № 866-872, № 858, № 863, № 868, № 8861, № 879, № 887, № 890, № 2243, № 2470 жана № 867 контурларындагы 40.01 га кайра бөлүштүрүү фондунун ичинен: 25.71 га жер аянты кайрак айдоо, 7.10 га жер аянты таштуу жайыт, 4.31 га жер аянты мелиоративдүү даярдоо жана 2.89 га жер аянты көп жылдык бак жерлеринен жана Күнгөй-Хасана айылындагы № 264, № 359, № 360, № 362, № 364, № 467, № 645, № 651, № 656, № 657, № 658, № 660 жана № 662 контурларындагы 14.68 га кайра бөлүштүрүү фондунун ичинен: 6.95 га жер аянты таштуу жайыт, 2.76 га жер аянты жайыт, 2.47 га жер аянты бадалдуу жайыт жана 2.5 га көп жылдык бак жерлери болуп, айыл өкмөтүнун кайра бөлүштүрүү фондунун эсебиндеги жалпысы 133.77 га жер аянтын, атуулдардын турак-жайга болгон муктаждыктарын канааттандыруу максатында: “Айыл чарба багытындагы жерлери” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
(Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги №2 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Ушул токтомду бекитип, 89.76 гектер жерди пайдалануу багытын турак- жай багытына ѳзгѳртγп, трансформация кылып берγγ жагы Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Имамов |