Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(алтынчы чакырылышы) 27- кезектеги сессиясы
2019-жылдын 15-июну №14
Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Күнгѳй бѳлүмүнѳдѳ курулуучу социалдык комплекс ордундагы 65 түп алма бак -дарактарын кесүүгө макулдук берүү жѳнүндѳ
Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Күнгѳй бѳлүмүндѳ курулуучу социалдык комплекс курулушу башталгандыгына байланыштуу, социалдык коплекс курулушу үчүн ажыратылган жердеги алма дарактарын кесип алууга макулдук берүү жѳнүндѳгү Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтүнүн токтомун карап чыгып,Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жѳнүндѳгү” мыйзамына таянып Жаңы-Ноокат айылдык Кеңешинин сессиясынын отуруму
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1. Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Күнгѳй бѳлүмүндѳ курулуучу социалдык комплекс курулушу башталгандыгына байланыштуу, социалдык коплекс курулуш үчүн ажыратылган жердеги алма дарактарын кесип алууга макулдук берүү жѳнүндѳгү Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтүнүн токтомунун негизинде 65 түп алма даракты кесүүгө макулдук берилсин.
2. 65 түп алма даракты кесүү үчүн керектелүүчү иш кагаздарын даярдоо жана тиешелүү мамлекеттик органдардан тиешелүү иш кагаздарын алуу жагы Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтүнѳ тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Жаңы-Ноокат айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Имамов |