Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(алтынчы чакырылышы) 28- кезектеги сессиясы
2019-жылдын 09-октябры №1
Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы Дѳң-Кыштак айылынын Шакар-Кыштак бѳлүмүндѳ уюштурулган “Айиша Сиддика” мектепке чейинки балдар мекемесинин кызматкерлеринин эмгек акыларын мамлекеттик бюджеттен каржыланышына ѳткѳрүү жѳнүндѳ
Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы Дѳң-Кыштак айылынын Шакар-Кыштак бѳлүмүндѳ уюштурулган 60 орунду “Айиша Сиддика” мектепке чейинки балдар мекемесинин курулуш имараты курулуп бүткѳрүлүп пайдаланууга берилгендиги жана мектепке чейинки балдар мекемесинин кызматкерлеринин эмгек акыларын мамлекеттик бюджеттен каржыланышына ѳткѳрүү тууралуу Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтүнүн 2019-жылдын “8“ октябрындагы № 99токтомун бекитүү максатында Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жѳнүндѳгү” мыйзамына таянып Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектен тышкаркы сессиясынын отуруму
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1. Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы Дѳң-Кыштак айылынын Шакар-Кыштак бѳлүмүндѳ уюштурулган “Айиша Сиддика” мектепке чейинки балдар мекемесинин кызматчыларынын эмгек акыларын мамлекеттик бюджеттен каржыланышына ѳткѳрүү жѳнүндѳгү Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтүнүн 2019-жылдын “ 8 “ октябрындагы №99 токтому бекитилсин.
2. “Айиша Сиддика” мектепке чейинки балдар мекемесинин материалдык –техникалык жактан камсыз кылуу γчγн жергиликтγγ бюджеттен кошумча акча каражаттарын бѳлγп берγγ жагы Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтүнѳ тапшырылсын.
3. “ Айиша Сиддика” мектепке чейинки мекемесинин курулуш имараты бүткѳрүлүп пайдаланууга берилгендигине байланыштуу, мектепке чейинки балдар мекемесинин кызматерлерине мамлекеттик бюджет эсебинен эмгек акыларын тѳлѳп берγγ боюнча тиешелγγ иш- кагаздарын даярдап берγγ жагы Ноокат райондук билим берγγ бѳлγмγнѳн суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Төрага | А. Имамов |