Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(6-шайланган) кезектеги 21-сессиясы
2019-жылдын 24-октябры №95
К.Курманбеков атындагы башталгыч мектебинин жылытуу системасынын капиталдык ремонттун бүткөрүү жөнүндө
К.Курманбеков башталгыч мектебинин жылытуу системасынын капиталдык ремонттун 2018-2019-жылда пайдаланууга берүү үчүн айыл өкмөтүнөн каражат бөлүнүп берилген. Жылытуу сиситемасынын ремонту талаптагыдай бүткөрүлбөй келет. Кыш мезгили жакындаганын эске алып тез арада бүткөрүү маселеси коюлуп Кызыл-Тоо айылдык кеңешинин 6-шайланган 21-сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. К.Курманбеков башталгыч мектебинин жылытуу системасынын капиталдык ремонттун 2019-жылдын 7-ноябрына чейин бүткөрүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Бакировко милдеттендирилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин финансы экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К.Кадырбеков |