Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 24-октябры №96
Кызыл-Тоо айыл аймагындагы Ак-Кыя айлына Раскол куруу жөнүндө
Кызыл-Тоо айыл аймагындагы Ак-Кыя айылына элдин муктаждыгын эске алып, демөөрчүлүк кылып өзүнүн каражаты менен жылкыларды эмдөө үчүн Жангир участкасынан жер тилкесин убактылуу бөлүп берүү жөнүндө Кызыл-Тоо айылдык Кеёешинин 6-чакырылыштагы кезектеги 21- сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Тоо айыл аймагындагы Ак-Кыя айылынын тургуну Сатыбалдиев Уланга элдин муктаждыгын эске алып жылкыларды эмдөө үчүн раскол курууга Жангир участкасынан 0,06 га жер тилкеси убактылуу бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылыш көзөмөлдөө жагы айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | К.Кадырбеков |