Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(6-шайланган) кезектеги 21-сессиясы
2019-жылдын 24-октябры №98
Кызыл-Тоо айыл аймагындагы Карчабек айлына Мончо курууга жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө
Карчабек айылынын Өрөөн участкасындагы борбордук жолдун боюнан, элдин муктаждыгын эске алып, айыл чарбасына жараксыз жерден Мончо куруу үчүн жер тилкесин берүү жөнүндө Кызыл-Тоо айылдык Кенешинин 6-чакырылыштагы кезектеги 21- сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Карчабек айылынын Өрөөн участкасынын борбордук жолдун түндүк тарабынан айыл чарбасына жараксыз жерден элдин муктаждыгын эске алып айылдын тургуну Бекмаматов Албертке мончо куруу үчүн 0,05 га жер тилкесин бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылыш көзөмөлдөө жагы айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | К.Кадырбеков |