Загрузка документа…
ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-ноябры №1
Ынтымак айыл өкмөтүнүн Ынтымак айылындагы “Нур” мечитинин жанына курулган медресени балдар бакчасы деп багытын өзгөртүү тууралуу
Ынтымак айылдык кеңешинин сессиясы күн тартибиндеги Ынтымак айыл өкмөтүнүн Ынтымак айылындагы “Нур” мечитинин жанына курулган медресени балдар бакчасы деп багытын өзгөртүү тууралуу маселени карап жана талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ынтымак айыл өкмөтүнүн Ынтымак айылындагы “Нур” мечитинин жанына курулган медресенин 484,0ч.м. жер аянтынын максаттык багыты балдар бакчасы болуп өзгөртүлсүн жана Ынтымак айылынын тургундары балдар-бакчасына муктаж болгондугуна байланыштуу балдар бакчасы болуп ачылсын.
2. Ынтымак айыл өкмөтүндөгү ушул жаңы ачылган балдар –бакчасынын тамак-аш, электр энергия, көмүр жана башка коммуналдык чыгымдары Ынтымак айыл өкмөтүнүн бюджетинен каржылансын.
3. Жогоруда аталган имараттын жалпы аянты менен кошуп өзгөртүү үчүн тиешелүү болгон юридикалык документтерин даярдоо жагы “Кадастр”мамлекеттик мекемесинин Ноокат филиалынан суралсын.
4. Аталган жер аянтына карата Ноокат райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан архитектуралык иш кагаздарын даярдап берүү жагы суралсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ынтымак айылдык кеңешинин жер, суу, электр энергия жана жолдор боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | А. Абдикулов |