Загрузка документа…
ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(6 – чакырылышы) кезектеги ХXV – сессиясы
2019-жылдын 19-ноябры №2
Т. Кулатов айыл өкмөтүнүн Куммайдан айылы менен Беш-Буркан айылынын ортосундагы 4,05км жолду жана Ынтымак айыл өкмөтүнүн борбордук жолу менен Кулатов айыл өкмөтүнүн борбордук жолун туташтыруучу 3,5км жолду Ынтымак айыл өкмөтүнүн балансасына алуу тууралуу
Ынтымак айылдык кеңешинин сессиясы күн тартибиндеги Т. Кулатов айыл өкмөтүнүн Куммайдан айылы менен Беш-Буркан айылынын ортосундагы 4,05км жолду жана Ынтымак айыл өкмөтүнүн борбордук жолу менен Кулатов айыл өкмөтүнүн борбордук жолун туташтыруучу 3,5км жолду Ынтымак айыл өкмөтүнүн балансасына алуу тууралуу маселени карап жана талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т. Кулатов айыл өкмөтүнүн Куммайдан айылы менен Беш-Буркан айылынын ортосундагы 4,05км жолду жана Ынтымак айыл өкмөтүнүн борбордук жолу менен Кулатов айыл өкмөтүнүн борбордук жолун туташтыруучу 3,5км жолдору Ынтымак айыл өкмөтүнүн балансасына алынсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ынтымак айылдык кеёешинин жер, суу, электр энергия жана жолдор боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | А. Абдикулов |