Загрузка документа…
ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(6 – чакырылышы) кезектеги ХXV – сессиясы
2019-жылдын 19-ноябры №3
Кызыл-Кыя жана Беш-Буркан автожолунун боюнан айыл өкмөтүнүн борбордук стадиондун жанына турмуш –тиричилик жактан тейлөө үчүн курула турган курулуш тууралуу 5-июль 2012-жылдагы Ынтымак айылдык кеңешинин (4-чакырылышы) кезектеги 26 - сессиясындагы №26-токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү менен турмуш-тиричилик жактан тейлөө үчүн курула турган обьектилеринин 668 чарчы метр жер аянтын Ынтымак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу тууралуу
Ынтымак айылдык кеңешинин сессиясы күн тартибиндеги Кызыл-Кыя жана Беш-Буркан автожолунун боюнан айыл өкмөтүнүн борбордук стадиондун жанына турмуш –тиричилик жактан тейлөө үчүн курула турган курулуш тууралуу 5-июль 2012-жылдагы Ынтымак айылдык кеңешинин (4-чакырылышы) кезектеги 26- сессиясындагы №26-токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү менен турмуш-тиричилик жактан тейлөө үчүн курула турган обьектилеринин 668 чарчы метр жер аянтын Ынтымак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу тууралуу маселени карап жана талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Кыя жана Беш-Буркан автожолунун боюнан айыл өкмөтүнүн борбордук стадиондун жанына турмуш –тиричилик жактан тейлөө үчүн курула турган курулуш тууралуу 5-июль 2012-жылдагы Ынтымак айылдык кеңешинин (4-чакырылышы) кезектеги 26- сессиясындагы №26-токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү менен турмуш-тиричилик жактан тейлөө үчүн курула турган обьектилеринин 668 чарчы метр жер аянтын Ынтымак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынсын.
2. Ынтымак айылдык кеңешинин 2012-жылдагы №26-токтому менен аукцион өткөрүлүп, жеңүүчү деп табылган жарандардын акча каражаттары эске алынсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ынтымак айылдык кеңешинин жер, суу, электр энергия жана жолдор боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | А. Абдикулов |