Загрузка документа…
ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(6 – чакырылышы) кезектеги ХXV – сессиясы
2019-жылдын 19-ноябры №4
Ынтымак айыл өкмөтүнүн “Ынтымак” жайыт комитетинин 2019-жылдагы 10 айлык отчету жана 2020-жылдын божомол бюджетин, иш-планын, таксасын бекитүү тууралуу
Ынтымак айылдык кеңешинин сессиясы күн тартибиндеги Ынтымак айыл өкмөтүнүн “Ынтымак” жайыт комитетинин 2019-жылдагы 10 айлык отчету жана 2020-жылдын божомол бюджетин, иш-планын, таксасын бекитүү тууралуу маселени карап жана талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ынтымак айыл өкмөтүнүн “Ынтымак” жайыт комитетинин 2019-жылдагы 10 айлык иштери, отчету канааттандырарлык деп табылсын.
2. Ынтымак айыл өкмөтүнүн “Ынтымак” жайыт комитетинин 2020-жылдын божомол бюджети, иш-планы, таксасы бекитилсин.(тиркеме-тиркелет)
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ынтымак айылдык кеёешинин жер, суу, электр энергия жана жолдор боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | А. Абдикулов |