Загрузка документа…
ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(6 – чакырылышы) кезектеги ХXV – сессиясы
2019-жылдын 19-ноябры №5
Ынтымак айылдык кеңешинин депутаты Сейдалиев Арапка Ынтымак айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу тууралуу
Ынтымак айылдык кеңешинин сессиясы күн тартибиндеги Ынтымак айылдык кеңешинин депутаты Сейдалиев Арапка Ынтымак айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу тууралуу маселени карап жана талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ынтымак айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” наамы Ынтымак айылдык кеңешинин депутаты Сейдалиев Арапка ыйгарылсын.
2. Ынтымак айылдык кеңешинин депутаты Сейдалиев Арапка ыйгарылуучу “Ардактуу атуулу” наамынын күбөлүктөрүн жана төш белгилерин даярдоо жагы Ынтымак айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарынын убактылуу милдетин аткаруучу Э. Камаловко милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ынтымак айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Зиявдин уулу Жыргалбекке жүктөлсүн.
Төрага | А. Абдикулов |