Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
6-чакырылышынын кезексиз 35-отуруму
2019-жылдын 06-сентябры №35/2
Гүлчө айылындагы №1 балдар бакчасынын балдардын жайкы эс алуучу чатырлары эскилиги жеткендигине байланыштуу 24 чарчы метр аянтты бузуп кайрадан чатырларды куруу , бакчанын айланасынын тосмосун тосуу жана бакчанын ичиндеги жолдорго брусчатка бастыруу боюнча сунуш кылынган долбоордогу өздүк салым жөнүндө
Гүлчө айылындагы №1 балдар бакчасынын балдардын жайкы эс алуучу чатырлары эскилиги жеткендигине байланыштуу 24 чарчы метр аянтты бузуп кайрадан чатырларды куруу , бакчанын айланасынын тосмосун тосуу жана бакчанын ичиндеги жолдорго брусчатка бастыруу боюнча сунуш кылынган долбоорду карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 230 токтомуна негизденип Гүлчө айылдык кеңешинин отуруму
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1. Гүлчө айылындагы №1 балдар бакчасынын балдардын жайкы эс алуучу чатырлары эскилиги жеткендигине байланыштуу, бузуп кайрадан чатырларды кайра курууга сунуш кылынган долбоорду карап чыгып Үлүштүк (дем берүүчү) гранттын эсебинен ишке ашыруу үчүн жазылган жалпы 2 721 854 сомдук долбоордо көрсөтүлгөн өздүк салымы 20 пайыздык 544 370 сомдук өздүк салымды Гүлчө айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын бюджетине сунушталып, бөлүнүп берилсин.
2. Кабыл алынган токтомдордун аткарылышын камсыз кылуу Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Болбур уулу Алтынбекке милдеттендирилсин.
Төрага | Жээнбеков Д. |