Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 6-сентябры №35/3
Гүлчө айыл өкмөтүнүн жайыт комитетине чоп орундуу жерлерге кирген малдарды убактылуу кармоо үчүн короо салуу жөнүндө
Гүлчө айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы Т.Байгазаковдун билдируусун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 2018-жылдын 27-январындагы Муниципиалдык баланска алуу боюнча 62-беренесинин негизинде Гүлчө айылдык кеңешинин отуруму
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1. Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Таш-Короо айылынын Көл участкасына чоп орундуу жерлерге кирген малдарды убактылуу кармоо үчүн короо салынсын.
2. Тиешелүү иш кагаздарды мыйзам чегинде тактап иш алып баруу жагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Болбур уулу Алтынбекке милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрагасы | Жээнбеков Д. |