ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
6-чакырылышынын 35-отуруму
2019-жылдын 6-сентябры №35/4
Гульша - Суу ИСКАКБсын Гүлчө айыл өкмөтүнүн менчигине өткөрүп алуу жөнүндө
Гульша - Суу ИСКАКБнын төрагасы А.Иманахуновдун, Гульша - Суу ИСКАКБны Гүлчө айыл өкмөтүнүн менчигине алуу боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 2018 -жылдын 27 - январындагы Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык ишканаларды жана коммерциялык эмес уюмдарды түзүү укугун аныктаган мыйзамдын 62 - беренесинин негизинде Гүлчө айылдык кеңешинин отуруму
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1. Гульша - Суу ИСКАКБсынын аталышы өзгөртүлсүн жана Гүлчө айыл өкмөтүнүн алдындагы Гульша – Таза - Суу муниципиалдык ишканасы болуп түзүлсүн.
2. Тиешелүү иш кагаздарды мыйзам чегинде тактап иш алып баруу жагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Болбур уулу Алтынбекке жана Гульша - Суу ИСКАКБнын төрагасы А.Иманахуновдорго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрагасы | Жээнбеков Д. |